Новости

Бүгүн 27- октябрда башталгыч класстардын жана 5-8- класстарда «Берекелүү күз» аттуу иш чара өтүлдү.
28.10.2022 84
23.05.2022 145
https://youtu.be/eiRjVlg0k5M
30.04.2022 170
Бүгүн 23-апрелде «Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө» карата «Китеп — билим булагы» деген темада иш чара өтүлдү. Кечеге 3-4- класстар активдүү катышты.
22.04.2022 209
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021- жылдын 29- январындагы 1″Инсанды руханий -адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Осмонкул Бөлөбалаев атындагы ЖББОМ дүң 5-6-7- классынын окуучулары 23- мартта Бишкектеги Улуттук тарых музейине барып келишти.
24.03.2022 146
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021- жылдын 29- январындагы 1″Инсанды руханий -адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Осмонкул Бөлөбалаев атындагы ЖББОМ до «Спортту сүйгөн үй бүлө» темада 5- класстардын ата- энелеринин жана окуучуларынын арасында спорттук таймаш болду. Бул таймашка 3 үй бүлө катышты. Кызыктуу өттү. Жеңүүчүлөр грамоталар менен сыйланды.
22.03.2022 158
2022-жылдын 4- мартында Ак калпак күнүнө арналган «Улут жүзү- Ак калпак» деген темада линейка өтүлдү. Ошондой эле класстык сааттар, сүрөт жана кол өнөрчүлүк конкурстары, дил баян сынагы, көркөм адабий монтаждар болду.
05.03.2022 97
2022-жылдын 3-мартында Осмонкул Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун»кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Салтанаттуу линейка Кыргыз Республикасынын гимнинин жаңыруусунда Мамлекеттик тууну алып чыгуу менен башталды. Линейкада мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Токтоналиева Айнура Ишеновна окуучуларга Мамлекеттик Туунун кабыл алынышынын тарыхын айтып берди. Окуучулар Мекен, Туу […]
03.03.2022 93
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун 30 жылдык мааракесине карата салтанаттуу линейка жана класстык сааттар өтүлдү.» Желбирей бер, кыргызымдын байрагы» деген темада дубал газеталар чыгарылды. Патриоттук ыр сынактар өткөрүлдү, видео тасмалар көргөзүлдү. 1-4- класстар арасында сүрөт конкурсу өткөрүлдү.
03.03.2022 95
Бүгүн Советтик армиянын Афганистандан чыккандыгынын 33 жылдыгына карата О.Бөлөбалаев мектебинде ар кандай иш чаралар өткөрүлдү. «Афган жоокерлерине таазим»деген темада окуучуларга линейка өтүлдү. Линейка 1 мүнөттүк эскерүү менен башталып, слайд аркылуу окуучуларга кеңири маалымат берилди. Окуучулар патриоттук ырлардан көркөм айтып беришти. Ар бир класста класстык сааттар өтүлдү. Дубал газеталар чыгарылды.
15.02.2022 89
1 / 212