3-март»-Кыргыз Республикасынын Мамлекетик Туу»күнү
2022-жылдын 3-мартында Осмонкул Бөлөбалаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун»кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу линейка болуп өттү.
Салтанаттуу линейка Кыргыз Республикасынын гимнинин жаңыруусунда Мамлекеттик тууну алып чыгуу менен башталды.
Линейкада мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Токтоналиева Айнура Ишеновна окуучуларга Мамлекеттик Туунун кабыл алынышынын тарыхын айтып берди. Окуучулар Мекен, Туу жөнундө ырларды көркөм айтышып, «Кара жорго» бийин бийлешти.
Комментарии